18-январда Казакстандагы “Нур Отан” партиясынын өкүлдөрү жыйын өткөрүп, кезексиз курултай өткөрүүгө даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу партияга шилтеме берүү менен казак басылмалары жазып чыгышты.
"Учурда алдыда боло турган кезексиз съездге даярдыктарды баштадык. Маалым болгондой, январь айындагы каргашалуу күндөрү эл башы Нурсултан Назарбаев тынчтыкты жана өлкөнүн биримдигин сактоо үчүн баарыбызды Касым-Жомарт Токаевдин тегерегине биригүүгө, мамлекетте биргелешип иштөөгө чакырган", - деди “Нур Отан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Бауыржан Байбек.
Партиянын курултайынын күнү так айтыла элек. Анда лидерди алмаштыруу маселеси каралары белгилүү болду.