Ош-Бишкек трассасы убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Төө-Ашууда унаа тыгыны пайда болуп, жумушчулар жолду кардан тазалап жатышат. Министрлик унаа тыгындарынын жаралышына көпчүлүк унаалардын дөңгөлөктөрү жайкыдан кышкыга алмаша электиги себеп болуп жатканын билдирүүдө. Тийиштүү кызматкерлер ашуунун түбүндө айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.