ДССУ: "Омикрон жайылып кетти, эми дагы башка штаммдар чыгышы мүмкүн"

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Геберейесус коронавирустун омикрон штаммынын жайылып кетишинен улам COVID-19дун жаңы варианттары пайда болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Бул пандемия жакында бүтчүдөй эмес. Омикрон дүйнөгө жайылып кетти, эми башка дагы штаммдар чыгышы мүмкүн. Омикрондун жеңил формада өтүп жатканын көргөндө, аны олуттуу кабыл албай жатышат. Бирок абдан көңүл буруп, жаңы штаммдарды байкап турушубуз керек", - деген башкы директор.

Белгилей кетсек, Түштүк Африкада омикрон штаммы мындан эки ай мурун табылган. Дүйнөлүк окумуштуулардын айтымында, анын S-блогунда ондогон мутация бар. Азыркы учурда бул вирус дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып кетти. Кыргыз өлкөсүндө ал 12-январь күнү катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raikakyz
2022-01-19 13:21:57
Байып бүтпөй койдуңар го сасык саясаттын жугундукорлору! Аллахым гана сабыр, бекем ден соолук, тынччылык берсин элиме.
+2
patriot.kg94
2022-01-19 15:07:46
З кылдынарго козу ачыктык кылып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан