Чүй облусунун Орок жаңы конушунда чыгып жаткан белгисиз курт-кумурскалар зыяны жок экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жылуу аба ырайына байланыштуу бул курттар жердин астынан жаз мезгилине чейин ойгонуп чыгышты.
Булар жашыл чөп менен азыктанып, шаардын ичинде дагы кездешүүсү мүмкүн.
Энтомологдордун айтышы боюнча, аба ырайынын өзгөрүлүшү менен күндүн суукташынан бул курттар көтөрө албай өлүшү мүмкүн", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Ошондой эле курт-кумурсканын кайдан чыкканын аныктоо үчүн адистер жерине барары кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин Орок жаңы конушунда жашаган тургундар белгисиз курт-кумурскалардын пайда болгонун айтышкан.