Чүйдүн Орок жаңы конушунда белгисиз курт-кумурскалар пайда болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орок жаңы конушунда жашаган тургундар тарабынан кечээ,18-январь күнү айылда белгисиз курт-кумурскалардын пайда болгону тууралуу видеолор жайылган.
"Аталган конуштун тургундары булардын канчалык деңгээлде зыяндуу экендигин жана бул эмне курт-кумурска экенин түшүнбөй жатабыз", - деп айтышкан.
Азыркы учурда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирүүнүн чоо-жайын тактап берүүнү убадалап, окуяны текшерүү үчүн тиешелүү кызматтар жөнөтүлгөнүн айтышты.