Алмазбек Атамбаев "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" мыйзамына кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" мыйзамына кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алганы белгилүү.

Ал өнөр жай коопсуздугу жагындагы техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт, опурталдуу өндүрүштүк мекемелерде авариялардын алдын алууга жана анын кесепеттерин локализациялоого уюмдардын даярдыктарын камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан