Түркиянын түштүк-чыгышында Кахраманмараш шаарындагы Киркук-Жейхан мамлекеттик мунай өткөрүүчү түтүкчөлөрүндө жарылуу болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кахраманмараш шаарында Кирук-Жейхан мамлекеттик мунай өткөрүүчү түтүкчөлөрүндө жарылуу болуп, өрт чыккан. Өрт Кахраманмараш -Газиантеп унаа жолуна чейин жайылып, унаа кыймылдары токтотулду.
Өрттүн турак жайларга жайылып кетүү ыктымалдыгы бар.
Азырынча жарылуунун себеби белгисиз, жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.