Украинанын экс-президенти Петр Порошенконун бөгөт чарасы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Киевдин Печерск райондук соту бүгүн, 19-январда Петр Порошенконун бөгөт чарасын карады. Анда аны эркиндикте калтырып, жалпы жарандык паспортун тапшырууга милдеттендирди.
Порошенко 2014-2015-жылдары бийликте турганда Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерге колдоо көрсөткөн деп айыпталууда.
Петр Порошенко 2014-жылдын 7-июнунан 2019-жылдын 20-майына чейин Украинанын президенти болгон.