Ленин РИИБинин кызматкерлери милициянын ардагерлери менен жолугушту

“Ички иштер министрлигинин эң негизги милдети-жарандардын милицияга болгон ишенимин кайрадан жандантуу”,- деди бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинин жаш кызматкерлери менен милициянын ардагерлеринин жолугушуусу учурунда милициянын отставкадагы генерал-майору Токтожума Жээналиев. Жолугушууга Ленин райондук ИИБинин башчысынын кадрлар боюнча орун басары, милициянын полковниги Талант Иманкадыров, Ленин райондук ИИБинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Төлөбек Качиев жана милицияда кызмат кылган бир катар ардагерлер менен жаш тартип сакчылар катышты.  

Анда жаш кызматкерлер менен милиция ардагерлеринин ортосунда милициянын учурдагы абалы жана кыйынчылыктары тууралуу пикир алмашуу болду. Ардагерлер кызматта жүргөн мезгилин эстешип, башынан өткөргөн оор күндөрү менен жумуштагы кызыктуу окуялары тууралуу жаш тартип сакчыларына айтып беришти. Жолугушуунун соңунда ардагерлер жаш кызматкерлерге ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин билдиришти.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан