Украинанын президенти Володимир Зеленский өлкө жарандарына кайрылып, “орусиялык коркунуч” деп аталган кабардан улам дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Украинанын башчысынын расмий сайтында "Дүрбөлөңгө түшпө. Украинага жана дүйнөгө ишеним менен" деген жазуу жарыяланган. Зеленский украиналыктарды фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырган.
"Согуштун жүрүп жатканына сегиз жылдын жүзү болду. Азыр дүрбөлөңгө түшүп, кырдаалды курчутуп, гречка, ширеңке сатып ала турган учур эмес", - деген Зеленский.
Мындан тышкары президент Украина согушту каалабайт, бирок ага ар дайым даяр болушу керек экендигин белгилеген.
"Биз бардыгын билебиз жана бардыгына даярбыз. Бирок анын бизге кереги жок болушу үчүн баарын жасап жатабыз. Биз муну дипломатиялык жол менен чечүү үчүн аракет кылып жатабыз. Эмне кылыш керек? Бир гана нерсе - сабырдуулук", - деп кошумчалаган Зеленский.
Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Украинанын президенти Володимир Зеленскийге эгер Орусия Украинага басып кирсе, Вашингтон жана анын өнөктөштөрү “катуу жооп” берерин убада кылган.