Бишкекте бүгүн, 20-ноябрдагы маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо
министри Динара Сагынбаева
“Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздигине айлык
маянанын аздыгы себеп болууда” билдирди.
Анын айтымында,
учурда саламаттыкты сактоо тармагында 700дөй дарыгер жетишпейт.
"2013-жылдын 9 айында өлкөнүн саламаттыкты сактоо системине 730 жаңы
кызматкер келген, ошол эле маалда 650 кызматкер кеткен. Кыргызстандагы
дарыгерлердин жетишсиздиги айлыктын аз болушуна байланыштуу",- деди ал.
Мындан сырткары бүгүнкү күндө дарыгерлердин орточо айлык акысы
8-10 миң сомдун тегерегинде экенин кошумчалады. Калган
медициналык кызматкерлер айына 7-8 миң сом алышат. 2011-жылы дарыгерлердин
айлыгы көбөйгөнгө чейин бул көрсөткүч дарыгерлер үчүн 3,5 миң сомду, ал эми
калган медкызматкерлер үчүн 1,5-2 миң сомду түзчү.