Ош шаарында 2013-жылдын январь-октябрь айларында салык төлөөчүлөр тарабынан бюджетке 589 миллион сом келип түшкөн. Бул тууралуу мэриянын каржы, экономика жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери билдирет. Аталган бөлүмдүн кызматкери Замира Абжошеванын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу 2013-жылы жумуш 101,1 пайызга аткарылган.