Турсунбай Бакир уулу улуттук кийимге басым жасаган депутат айымдарды атады

Бишкекте бүгүн, 20-ноябрда маалымат жыйын берген депутат Турсунбай Бакир уулу хиджаб тууралуу: “Мусулманчылыкта аялдардын жүзү жана манжасынын учтары гана көрүнүүсүнө уруксат. Хиджаб арабдардын эмес, мусулман айымдардын кийими”,- деди. 

Бакир уулу элечекти хиджабдын үлгүсү деп атады. “Айрымдар айтып жүрүшөт, кыргыздын айымдары мурда оронгон эмес дешип. Ооба, алар арабдардай оронгон эмес, бирок улуттук кийим – элечекти кийишкен. Улуттук кийимди көбүрөөк кийишибиз керек. Акыркы учурда депутаттар Айнуру Алтыбаева, Гүласал Садырбаева, Дамира Ниязалиева көп кийип башташты”,- деди Бакир уулу.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан