Казакстанда биринчи президент тууралуу мыйзам кандай өзгөртүлүшү мүмкүн?

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев маанилүү маселелерди талкуулоодо парламент жана өкмөт алдында сөз сүйлөө укугун сактап калат. Буга Казакстандын парламенти Сенатка жиберген конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр далил экенин аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Мажилис “Казакстан Республикасындагы шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Сенаттын кароосуна киргизди. Түзөтүүлөргө ылайык, “Казакстандын биринчи президенти өзүнүн тарыхый миссиясынан улам парламенттин жана анын палаталарынын алдында, өкмөттүк жыйындарда өлкө үчүн маанилүү маселелерди талкуулоодо өмүр бою сөз сүйлөөгө укуктуу”, - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Нурсултан Назарбаев Конституциялык кеңешменин мүчөсү болушу мүмкүн.

Кечээ, 19-январда Казакстандын парламенти биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңешинде жана Казакстан элинин ассамблеясында өмүр бою төрагалык кылуусун жокко чыгарган түзөтүүнү кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан