КРнын Орусиядагы элчилиги: "Москвада кармалган кыргыздар ачка калып, мыйзамсыздык болууда"

Москванын Тверь райондук сотунда КРнын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери кыргызстандык 9 жарандын административдик эрежелерди бузгандыгына байланыштуу сот жыйынына катышты. Мигранттар Федералдык миграция кызматынын Москва шаардык бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан кармалган. Бул тууралуу 20-ноябрда элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, сот процесси башталганга чейин Кыргызстандын жарандарын кармоо мөөнөтү бузулган же 48 сааттан өтүп кеткен. Жарандарыбыз кармалганда алардын бул тууралуу элчиликке билдирип коюу өтүнүчү жана жакын туугандарына телефон чалуу мүмкүнчүлүгү аткарылган эмес. 
Мындан тышкары эки сутка бою кармалгандарга тамак жана суу берилбегендиктен, кармалгандардын көпчүлүгү ден соолугунун начарлап кеткендигине арызданышты. 
Эмгек мигранттарын кармаган укук коргоо кызматкерлери элчиликке кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөгөн учурлар да кездешкен. 
Бир нече сот процесстери сырттан же кармалгандар менен элчиликтин кызматкерлеринин катышуусусуз өткөрүлгөндүктөн, айыпталуучулар менен элчиликтин кызматкерлеринин аргументи угулбай, бир жактуу чечим чыгарылган. 
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын элчилиги тарабынан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын жарандарына мыйзамсыз мамиле жасоону токтотуу өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан