Ош мэриясынын кызматкерине кылмыш иши козголду

Ош шаардык прокуратурасы 19-ноябрда мэриянын жооптуу кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура билдиргендей, ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "документтерди жасалма жол менен даярдоо" сыяктуу беренелер боюнча айыпталууда.   

Айыпталуучу шаардагы Г.Айтиев атындагы мектепти куруу боюнча өткөн тендерде комиссиянын мүчөсү болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген кадамга барып, “К” компаниясы менен пайдасыз келишим түзгөн. Мектептин курулуш баасы 18 миллион 994 809 сом болгону айтылды. Аталган компанияны жеңүүчү деп табууда комиссиянын 7 мүчөсүнүн үчөөсү гана катышкан. Калгандарынын атынан жасалма кол коюлуп документ түзүлгөн. 

Маалым болгондой, аталган былык иштердин айынан мамлекетке 656 588 сом зыян келтирилген. Факты боюнча учурда иликтөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан