Кышында айдоочулар унаа башкарууда кыйынчылыктарга туш болушат. Катуу суукта жолдор тайгак болуп турган учурда унаанын дөңгөлөгүнүн желин бир аз чыгарып койгон жакшы. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты."Унаабызды канчалык деңгээлде сүйүп, көңүл буруу менен карасак, ошончолук бизге кызмат кылат жана бузулбайт. Фильтрди убагында тазалап, текшертип турушубуз маанилүү. Көбүнчө чаң баскан фильтрлер тазаланбай калгандыгы үчүн аз убакыттын аралыгында тез-тез бузула баштайт. Аны менен гана чектелбестен, майдын сапатына да өзгөчө маани беришибиз керек", - деген ал.