Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Келишим Уюмунун жогорку комиссары Астрид Торс келет

 Кыргызстанга 20-22-ноябрь күндөрү улуттук азчылыктын маселелери боюнча Европадагы Коопсуздук жана Келишим Уюмунун жогорку комиссары Астрид Торс келет. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалымат боюнча Астрид Торс Кыргызстан менен жогорку комиссар кеңсесинин кызматташуусун талкуулоого келет. Иш сапардын алкагында А. Торстун өлкө башчысына, өкмөт мүчөлөрүнө, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жолугуусу, Ош шаарына сапар тартуусу күтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан