Кыргызстандын жер алдындагы кендеринде 5-6 миллиард долларлык алтындын запасы бар. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда эксперт Валентин Богденский Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы пайдалуу кендердин жалпы запасы 10 миллиард долларды түзөт. Азыркы учурда өлкөдө инвесторлордун тобокели болуп жаткандыктан, инвестициялар болушу мүмкүн эмес.
“Биринчиден, инвесторлорго кепилдик керек. Эгер андай болбосо, ак ниеттүү инвесторлор бул жакка келбейт. Келсе да авантюрист келет”,- деди Валентин Богденский.