Арнольд Шварценеггер катышкан жол кырсыгынан бир адам жабыркады. Кырсыкка Голливуд жылдызы себеп болгону айтылды

Америкалык актёр жана саясатчы Арнольд Шварценеггер жол кыргысына кабылды. Чет элдик маалымат каражаттары кино жылдызы Лос-Анжелестеги райондордун биринде кырсыктаганын, абалы жакшы экенин жазышат.

"Жол кырсыгы 21-январда актёрдун үйүнөн бир нече чакырым алыстыкта катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка Шварценеггердин жол чырактын кызыл күйгөнүнө карабай өткөнү себеп болгон. Голливуд жылдызынын унаасы бурулуп келе жаткан Тойота Приус унаасын сүзүп, андан кийин токтоп турган эки унаага да зыян келтирди.

Күбөлөрдүн айтымында, Тойота унаасынын айдоочусу ооруканага жеткирилди", - деп жазылат маалыматтарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Blueaffair
2022-01-22 14:51:20
Кайран Арни кинону элестетип кетсе керекда машинасыда жол тандабас экен
+8
bond0202
2022-01-22 14:55:36
Blueaffair,ошенткен окшойт.дагы жакшы терминатормун деп баарын атып койбоптур
+8
nazira...
2022-01-22 15:43:11
Ай балдар ай, жазганыңарды окуп бир сыйра күлүп алдым. Терминатор деле каарыса керек, темир деле чирийт го.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан