Министрлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн студенттерине жөлөк пул берүүнү токтотууну сунуштап жатат

Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн билим алып жаткан студенттерге 23 жашка чейин жөлөк пул төлөп берүүнү жоюуну сунуштап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрдагы маалымат жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү жана жардамдын даректүү берилишин күчөтүү максатында жасалууда. "Дүйнөлүк практикада мындай жөлөк пулдар башка мамлекеттерде 16 жашка чейин гана берилсе, Өзбекстанда 14 жашка чейин гана төлөнөт. Кыргызстанда болсо 23 жашка чейин берилүүгө тийиш. Биз бул жаш куракты 18 жашка чейин деп төмөндөтүүнү сунуштап жатабыз", -деди министр.
Мындан сырткары учурда мамлекеттик жөлөк пул алгандардын саны 415 100 адамды түзө турганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан