Камерунда футбол оюну учурунда 6 жаран тебелендиде калып каза болду

Камерунда өткөн футболдук беттеште 6 адам тебелендиде калып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Яунде шаарындагы стадиондо Камерун менен Комор аралдарынын беттешине чейин болгон. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөргө карабастан, көп сандаган күйөрмандар стадионго кирүүгө аракет кылышкан. Камерун бийлиги жабыркагандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин айтат.

Окуядан дагы 40ка жакын адам жаракат алган. Медицина кызматкерлеринин айтымында, жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор деп бааланууда. Африка өлкөлөрүнүн футбол боюнча чемпиондугу 9-январда башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан