"Кальмар оюну" сериалынын экинчи сезону боюнча Netflix расмий маалымат таратты

Netflix "Кальмар оюну" сериалынын экинчи сезонунун үстүнөн иштеп жатканын ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Netflix компаниясынын башкы директору Тед Сарандос түштүк кореялык популярдуу "Кальмар оюну" сериалынын экинчи сезону чыга турганын расмий тастыктаган.

Буга чейин "Кальмар оюну" сериалынын режиссёру жана сценаристи Хванг Донг Хюк экинчи сезонду да тарта турганын айткан. Бирок компания бул кабарды тастыктаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан