Бүгүн, 20-ноябрда Асия Сасыкбаева Канаданын мурдагы премьер-министри Ким Кэмпбел башында турган "Мадрид" клубунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда Кыргызстанда парламентаризм институтунун бекемделиши, мамлекеттик реформаларды ишке ашыруу, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана коомчулуктун биримдигин сактоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду жөнүндө пикир алышты.
Ошондой эле тараптар парламентаризмди өнүктүрүү жана демократиялык реформаларды ишке ашыруу маселелери тууралуу кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.