Орусиянын Волгоград облусундагы жашылча-жемиш стрч фермада Тажикстандын алты жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орус басылмалар жазышты.
"Волгограддагы Среднеахтубинский районунда ферманын алты кызматкеринин сөөгү табылды. Алардын бардыгы Тажикстандын жарандары. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондор газга ууланган. Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Алар жеке турак жайда газга уулангандыгы маалымдалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, көмүр кычкыл газынын чыгышына мештин жылыткычынын иштебей калышы себеп болгон.