Президент Атамбаев Түштүк Кореяга болгон иш сапарынын жыйынтыгына ыраазы

Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда Сеул шаарында журналисттерге Түштүк Кореяга болгон иш сапарынын жыйынтыгына ыраазы экенин айтты. 

Айтымында, Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе өлкө башчынын бул иш сапарына өзгөчө маани берди. "Сүйлөшүүлөрдөн кийин мындан ары биздин мамилебиз бир топ өзгөрө турганына ишендим. Кореялык аткаминерлер биздин өлкөгө абдан кызыгышууда. Ал тургай менин айрым пландарым да өзгөрүп кетти. Бүгүн маданий программа боюнча музейге барышым керек эле, бирок анын ордуна башка дагы бир жолугушуу пландалып жатат. Гранттык колдоо көрсөтө турган фонддун төрагасы менен жолугушам”,- деди Атамбаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан