АКШ Украинадагы жарандарын өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу ойлонууга үндөдү

Учурда Украинада жүргөн АКШ жарандары өлкөдөн чыгып кетүүнү азыртан баштап ойлонушу керек. Бул тууралуу АКШнын Киевдеги элчилиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгү Украинадагы кырдаал күтүүсүз бойдон калып жатканын белгилеген. Демек, америкалыктар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн бул өлкөдөн чыгып кетиши керек.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Уэнди Шерман Орусиянын Украинага болжолдуу басып кирүүсү 2022-жылдын февраль айынын ортосунда болушу мүмкүн экендигин билдирген.

Улуу Британия бийлиги Украинадагы элчиликтин айрым кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Орусиянын басып алуу коркунучу тууралуу эскертүүсүнөн кийин чыгарып кете баштагандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zam81
2022-01-27 01:29:01
Чындап эле баштап калганбы же американын жомогубу кайраштырмай
+2
suban78
2022-01-27 03:31:46
Тынччылык эле болсунчу.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан