А.Атамбаев Корея Эл аралык кызматташуу агенттигинин башчысы Ким Ён Мок менен жолугушту

20-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Корея Эл аралык кызматташуу агенттигинин башчысы (КOICA) Ким Ён Мок менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстандын аталган уюм менен мындан ары кызматташуу перспективалары талкууланды.

Мамлекет башчысы агенттиктин президентине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Атамбаев менен агенттиктин башчысы Ким Ён Мок түрдүү долбоорлордун алкагында эки тараптуу мамилени жандандыруу менен, кызматташууну мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан