Жантөрө Сатыбалдиев: "Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндөгү эркин соода аймагы жөнүндө Келишимдин жоболорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат"

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Санкт-Петербург шаарында 20-ноябрда өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кезектеги Кеңешинин отурумуна катышты. Анда өкмөт башчы “Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндөгү эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин жоболорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат” деп билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 
Мындан сырткары 2011-жылдын 18-октябрында кабыл алынган келишимди ишке ашыруудагы улуттук тартип шарттарынын сакталышына Кыргызстан өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады. 
“Биз Келишимди ишке ашыруу боюнча иштерди улантып жатабыз. Кыргызстан эркин соода аймагы жөнүндө Келишимдин күчүнө кириши боюнча мамлекет ичиндеги бардык жол-жоболорун жасоого жетишти. 2013-жылдын 14-ноябрында парламент аталган документти ратификациялоо жөнүндө Мыйзам долбоорун жактырды. Бул албетте, биздин кызматташуу мейкиндигибизде маанилүү жардам болмокчу”,– деди Сатыбалдиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан