Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Санкт-Петербургда 20-ноябрда өткөн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жүрүшүндө
“Кыргызстан КМШ мейкиндигинде туризм
тармагындагы “түрдүү тоскоолдуктардын” жоюлушуна кызыкдар” деп билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы
маалымдады.
Жантөрө Сатыбалдиев Көз
карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген мамлекеттердин 2020-жылга карата
туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын каралып жаткан долбоору Кыргызстан
үчүн маанилүү экенин белгиледи.
“Туризм - элдерибиздин достугун
жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөчү тармак. Ал биздин өлкөлөрдүн экономикасында башкы
ролду ойнойт. КМШ мамлекеттеринин кызматташтыгынын алкагында каралып жаткан
Стратегия багыттагандай туризм тармагын натыйжалуу өнүктүрүү зарыл. Кыргызстан
туризм тармагындагы “түрдүү тоскоолдуктардын” жоюлушуна кызыкдар”,– деди ал.