Иммунитетти чыңдап, мээдеги кан айланууну жакшырткан өбүшүү тууралуу кызыктуу маалыматтар топтомун сунуштайбыз.
Өбүшүүнүн пайдалуу жактары:
-
Стресстен арылтат. Өбүшүү учурунда кортизол жана окситоцин гормондору иштелип чыгат. Бул гормондор стрессти басаңдатып, маанайды көтөрөт. Америкалык окумуштуулар күнүгө өбүшкөн адамдар башкалардан орто эсеп менен 5 жыл узак өмүр сүрөрүн жана дээрлик оорубай тургандыгын далилдешкен.
-
Арыктатат. Берилүү менен 1 мүнөт өбүшүү 500 метр аралыкка чуркоо менен барабар. Бул учурда зат алмашуу эки эсе жакшы иштейт. Андыктан эгер арыктагыңар келсе көп, семиргиңер келсе аз өбүшүү керектигин унутпагыла.
-
Кариеске жана пародонтозго каршы. Чикаголук окумуштуулар кариестин жана пародонтоздун алдын алуу үчүн тамактанган соң дароо өбүшүүнү сунушташат. Алардын айтымында, бул учурда шилекейдин курамында фосфор жана кальций көп болот.
-
Инфаркт жана инсульттун алдын алат. Өбүшүү учурунда жүрөк мүнөтүнө 110 жолу согуп, кан айлануу системи жакшырат.
-
Өпкөнүн иштешин жакшыртат. Өбүшүү учурунда жана андан кийин өпкөнүн иштеши жакшырат. Башкача айтканда, мүнөтүнө 60 жолу дем аласыз. Мындай көнүгүү өпкө ооруларынын алдын алат.
-
Ооруну сездирбейт. Шилекейдин курамындагы эндорфин гормону табигый антибиотик, анестетик болуп саналгандыктан баш жана тиш ооруну басаңдатат.
Кызыктуу маалыматтар:
- Өбүшүүнү изилдеген илим филематология деп аталат.
- Эң узакка созулган өбүшүү 2013-жылы таиланддык түгөйлөрдүн ортосунда болуп, 58 сааттан ашкан.
- АКШнын Индиана штатында мурутчан эркекке бирөөнү өбүүгө тыюу салынган.
- Көгүлтүр экранда өбүшүү алгачкы жолу 1896-жылы америкалыктардын "Өбүшүү" тасмасында көрсөтүлгөн.
- Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү 6-июлда белгиленип келет. Алгачкы жолу бул майрам Улуу Британияда белгиленген. Аталган майрам дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө майрамдалат.