Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча башкы прокурор Аида Салянованы Жогорку Кеңешке чакыруу сунушталууда

Парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында депутаттар кесиптеши Ахматбек Келдибековдун кармалып, СИЗОго камалышы боюнча башкы прокурор Аида Салянованы жыйынга чакырууну сунушташууда. Депутат Бөдөш Мамырова аталган депутаттын кармалышы мыйзамсыз деди. 

“Коррупцияга каршы күрөшүүнүн өзүнүн жол-жобосу бар. Депутатты суракка алып барып, анан камап салуу мыйзамсыз. Биз түшүнүктөр менен гана жашап калгандай сезилип жатат. Башкы прокурор келип маалымат берсин”,- деди Мамырова. 

Депутат Алтынбек Сулайманов бул маселе боюнча позициясын айтпаган төрага Асылбек Жээнбековду сындады. “Ахматбек Келдибеков сиздей эле төрага болгон. Мындай иш эртең сиздин башыңызга да келип калышы мүмкүн. Сиз прокурорду саат 11ге чакырайынбы же экигеби дегенди токтотуп, өз позицияңызды билдириңиз",- деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан