Леонид Калашников: "Дүйшөмбү менен Бишкек чек арадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Орусиядан жардам сурашы мүмкүн"

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан чек арадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Орусиядан жардам сурашы мүмкүн. Мындай пикирин Орусиянын мамлекеттик Думасынын КМШ иштери боюнча комитетинин башчысы Леонид Калашников билдиргенин орус басылмалары жазышты.

Анын айтымында, ЖККУ чек ара чатагына кийлигише албайт. Бирок Тажикстан менен Кыргыз өлкөсү кааласа Кремль көз карандысыз арбитр болуп калышы мүмкүн.

"Бул өлкөлөр ЖККУга мүчө жана ЖККУ бул чатакка аралаша албайт. Ошол эле учурда Орусиянын айрым ортомчуларынын катышуусу менен маселе чечилет деп үмүттөнөм. Бирок буга эки өлкөнүн тең макулдугун алуу зарыл", - деген Калашников.

Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.

28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.

Ок атышуунун кесепетинен 7 Кыргыз жараны жабыркады.

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.

Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sanjura
2022-01-29 00:18:46
Жккунун эч бир пайдасы тийбейт экенда
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан