Асылбек Жээнбеков депутаттарга: “Ахматбек Келдибековдун кармалганын угуп, мени унчукпай жатып алды дейсиңерби?”

Жогорку Кеңеште депутат Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча талаш-тартыш жаралууда. Төрага Асылбек Жээнбеков анын кармалышы күтүүсүз болгонун айтты. “Мен бул кабарды угуп эле башкы прокурор Аида Саляновага чалдым. Далилдер барбы, Жогорку Кеңешке келип маалымат бериңиз дедим. Эмне унчукпай жатып алды дейсиңерби мени? Бул ишке төрага күйбөйт деген сөздөрдү токтоткула. Элге көрүнүүнүн башка жолдору бар”,- деди төрага.

Башкы прокурорду жыйынга чакыруу маселеси добушка коюлуп 75 депутат макул деп добуш берди. Аида Салянова саат 14:00дө Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча депутаттарга маалымат берет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан