"Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча парламент депутаты Алай элин көтөрүлүп чыгууга чакырбашы керек”,- деди депутат Ирина Карамушкина ЖКнын 21-ноябрдагы жыйынында. Ал депутат Жылдыз Жолдошованын трибунадан айткан сөзүндө элди көтөрүлүүгө чакырык болгонун айтты. “Буга жол берилбеши керек. Мен Алай элинин кандай калыс эл экенин билем, андыктан ким таза, ким күнөөлүү экенин өздөрү чечет”,- деди депутат.
Эскерте кетсек, буга чейин депутат Ж.Жолдошова кесиптеши Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча: “Кыргызда 10 күчтүү адам болсо, анын бири Ахмат Келдибеков. Ал жөнөкөй адам эмес, артында электораты бар”,- деп билдирген эле.