Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнү эки мөөнөттөн ашык башкарууну пландабайт. Бул тууралуу Токаев казакстандык басылмалардын бирине маек бергенде билдирди.
"Качанкыга чейин Казакстандын президенти болом билбейм, бирок Конституцияга ылайык, эки мөөнөттөн ашык эмес экенин жакшы билем", - деди ал.
Токаев 2019-жылдын июнь айында президент болгон. Ал шайлоодо 70,96 пайыз добушка ээ болуп, 12-июнда кызматка киришкен. Ага чейинки президент Нурсултан Назарбаев өлкөнү 1991-жылдан 2019-жылга чейин 28 жыл башкарган.