Тапшырма берилгенине карабай өкмөт Бишкектеги “Аккула” ат майданын мамлекетке кайтарып алуу боюнча эч кандай чара көрбөй жатат. Муну парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Канатбек Исаев айтты. Ал билдиргендей, Караколдогу ат майданын да кайтарып алуу зарыл. “Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште отчёт берип жатканда ат майдан боюнча тапшырма берилген. Бирок азыркыга чейин эч кандай чара көрүлө элек. Муну карап чыгышыбыз керек”,- деди Исаев.
Жыйын уланууда.