Ташкенттин зоопаркындагы окуя: Энеси баласын эмне себептен аюунун алдына ыргытканы белгилүү болду

Ташкенттеги зоопарктан үч жашар баласын аюунун короосуна ыргыткан аял жолдошу Орусияга кеткени үчүн депрессияга кабылган. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, баласын аюнун короосуна ыргыткан З.Т. аттуу аял эки баласы менен Ташкент шаарынын Сергели районунун Кумарык айылында күйөөсүнө тиешелүү батирде жашайт. Аял жолдошу Орусияга кеткендигине байланыштуу депрессияга түшкөн жана ушул кадамга барган.

Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.

28-январда Ташкент шаарындагы зоопаркта аял кичинекей баласын тосмодон ашырып, аюунун короосуна ыргытып жиберген. Бактыга жараша, аюу балага тийген эмес. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жогорудагы факты боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча иш козгогон.


Ташкенттеги зоопаркта энеси баласын аюнун короосуна ыргытты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
raikakyz
2022-01-31 19:19:42
Не нормальный.
+3
Zynk
2022-01-31 19:28:20
Бат баттан любовь морков болуп тургула )))))
+4
Jelezo
2022-01-31 20:29:23
Аюу аялга караганда акылдуу экен.
+11
Rakyl12
2022-01-31 21:42:46
К витамин жетишпей калганго.
+2
raykray
2022-02-01 02:30:59
Тооба кылдым депрессия деп угуп, уккан сайын депрессия болуп атат ии ушундай экен депчи!
-1
Batken-i-love-you
2022-02-01 11:10:36
Таба эмес тообо кылыш керек.
-1
Batken-i-love-you
2022-02-01 13:33:33
Энелик укутан ажыратыш керек.Психикалык жактан ооруйт окшойт бул аял.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан