Бүгүн, 31-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 61 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 132 метр куб, агып чыгышы 600 метр кубду түзүүдө.
Былтыр, 2021-жылдын 31-январында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 710 миллион метр кубду түзгөн.