Башкы прокуратура: "Келдибековго карата кылмыш иши 2010-жылы ачылган"

Парламенттин депутаты Ахматбек Келдибековго карата кылмыш иши 2010-жылы ачылган. Бул тууралуу 21-ноябрда Башкы прокуратуранын иликтөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев билдирди. 
Анын айтымында, 2010-жылы Келдибековго карата кылмыш иши козголуп, бирок токтоп калган. Кайра кылмыш иши ачылып, 1 жыл иликтөөлөр жүргөн.
“Коомчулукта Башкы прокуратура жөндөн-жөн кылмыш ишин козгоду деген ой жаралбасын үчүн биз кылдаттык менен изилдеп чыктык. Бизде бардык далилдер бар”,- деди Салиев. 
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү боюнча жана 304-беренесинин 4-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, кечээ, 20-ноябрда камакка алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан