Алтынбек Сулайманов төрагага: “Айтып бериңчи, оппозициядан башка кайсы бийлик өкүлүнө кылмыш иши козголууда?”

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында “мурунку бийликтин дооруна салыштырмалуу азыр Кудайга шүгүр”,- деди. Төрага мурунку бийликтин тушунда өлтүрүлгөн депутаттарды атады. “Убагында депутат Баяман Эркинбаев ушул жыйында “өмүрүмө коркунуч жаралууда” деп жан сакчы сураганда бербей коюшкан. Акматбаев атылып (Тынычбек Акматбаев ред.), Садыркулов (Медет Садыркулов ред.) өрттөлүп кеткен. Азыр Кудайга шүгүр”,- деди төрага.

Буга депутат Алтынбек Сулайманов жооп кайтарды: “Урматтуу төрага, туура эмес сүйлөдүңүз. Камалсаңар боло берет, атылбасаңар болду” деп жатасыз. Кана айтыңызчы, оппозициядан башка бийликтин кайсы өкүлүнө коррупция боюнча иш козголду? Баары оппозициядан болуп жатат, ушуну айтып жатабыз”,- деди депутат.

Асылбек Жээнбеков “азыр Кудайга шүгүр, мурункудай эмес. Атын айтпай эле коёюн, 2 депутат жан сакчы сурады эле, берилди. Оппозиция же позиция деп бөлүү болгон жок. Убагында Чыңгызхан болуп тосмодон секирерде айтпайт белеңер "секирбе, соттолуп кетесиң" деп. Жанында жүргөндөр секиртпей кармап калбайт белеңер”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан