Шри-Ланкада коңуздарды чогултканы үчүн соттолгон орусиялык жарандар айып пулду төлөп, Москвага учуп кетишти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-февралында Ростов-на-Дону зоопаркынын илимий кызматкери Александр Игнатенко жана анын эки шериги Николай Килафян менен Артём Рябов Шри-Ланкадагы коруктарды коргоо боюнча полиция тарабынан Нувара провинциясында камакка алынган. Кармоо учурунда Игнатенконун чөнтөгүнөн полиция бир нече өлүк коңуздарды тапкан.
Шри-Ланканын соту коңуздарды чогулткан деп айыпталган үч Орус жаранын 14 миң доллардан ашык айыпка жыгып, эки жылга шарттуу кескен.