Ош шаарында 1-декабрдан баштап шаардын бардык коомдук унааларынын көрүнүктүү жерлерине идеологиялык багыттагы баракчалар илинет. Иш-чара шаар башкармалыгы тарабынан колго алынды. Негизги максаты шаарда жүргүнчүлөр арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана коомчулукту ыймандуулукка, маданияттуулукка чакыруу, ошондой эле бири-бирине болгон сый мамилесин жандандыруу болуп саналат.