Пекинде Олимпиада отунун эстафетасы башталды

Кытайдын Пекин шаарында кышкы Олимпиада оюндарынын эстафетасы башталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, салтанат Кытайдын баш калаасынын түндүгүндөгү Олимпиадалык паркта башталды. Жалпысынан эстафетага 14 жаштан 86 жашка чейинки 1 миң 200дөй адам катышкан.

Факел (олимпиаданын оту) алып жүрүүчүлөр калктын түрдүү катмарынын өкүлдөрүнөн - мектеп окуучуларынан, студенттерден баштап, илимдин, маданияттын, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун өкүлдөрүнө чейин катышат.

Тактап айтканда, Пекин Олимпиадасы 4-20-февраль аралыгында, ал эми паралимпиадалык оюндар 4-13-март аралыгында өтөт.

Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Олимпиада оюндарын өткөрүүдө эч кандай коркунуч жок экенин билдирип, бийлик мелдештин алдында эпидемиологиялык чараларды көрөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан бир гана спортчу жолдомо уткан. Буга чейин АКШ, Жаңы Зеландиянын жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү Олимпиадага баруудан баш тартышканы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан