Ахматбек Келдибековдун коргоо комитетинин мүчөсү Акылбек Идирисов "
Алай районунда учурда абал туруктуу, бирок жол тосулду" деп билдирди.
"Коргоо комитетинин төрагасы Артисбек Абылаев жолду ачкыла деп жатат, бирок, митингге чыккан эл ага көнбөй жатат, учурда эч кандай жаңжал, тирешүү жок, болгону жол тосулду, абал тынч"- деди Идирисов.