Талибан кыймылы согушкерлерине курал-жарак менен оюн-зоок парктарына кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындан ары Талибан согушкерлери курал-жарак, аскердик кийим жана унаа менен оюн-зоок аттракциондоруна кире албайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Талибан кыймылынын мүчөлөрү батутка, каруселге, аттракциондорго түшүп, машыгуу залдарында жүргөн видеолору интернетке тараган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.