Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы мүмкүн болгон согуштагы өз позициясын билдирди

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрахим Калым Орусия менен Украинанын ортосундагы мүмкүн болгон согуштагы биргелешкен аракеттерди талкуулашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШ менен Түркиянын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүдө Украинанын айланасындагы кризисти жөнгө салуудагы диалог жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешкен.

"Ибрагим Калым мындай кырдаалда Түркия НАТОнун өнөктөшү катары бардык керектүү колдоолорду көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Киевге боло турган сапарын эске салып, бул сапар жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга салым кошот деген ишенимин билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Дипломатиялык булактарга шилтеме берүү менен түрк басылмалары Анкаранын кризисти жеңилдетүү үчүн роль ойноо сунушуна Украина менен Орусия каршы эмес экенин жазышты.

Буга чейин Эрдоган Орусиянын Украинага аскерий чабуулу боло турган болсо, Түркия НАТОго мүчө катары милдеттенмелерин аткарууну уланта турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rusbayastan
2022-02-03 09:17:16
Тынчылык эле болсун
+3
Asmat84
2022-02-03 10:17:35
Чото Орусия менен Украина согушканы калды окшойт ээ
+4
Gulina00
2022-02-03 12:10:38
Кудай сактасын суйлошуу жолу мн эле чечишип алсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан