Парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев электр энергиясы боюнча “акылдуу эсептегичтер” боюнча сунуш айтты. Депутат эсептегичтердин аталган түрүн коюуда ар бир үй менен жекече иштешүү керек деген ойдо.
“Ар бир абонентке 5 миң же 10 миң киловатт саат электр энергиясы берилет деген туура эмес. Азыр союз мезгилиндеги жашоо эмес, ар бир үйдө муздаткыч, сыналгы, үтүктүн түрлөрү бар. Абоненттер менен жекече иштешип, келишим түзүү керек. Эл акчасын төлөйбүз, электр энергиясын бергиле деп жатса, биз аларга электр энергиясын берүүнү чектегенибиз болбойт. Кааласа 10 миң же 15 миң киловатт электр энергиясын пайдалансын”,- деди Рыспаев.