Депутат Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча Ак үйдүн алдына нааразычылык митингине чыккандар депутаттардын сыртка чыгышын талап кылышууда. Муну парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов айтты. Төрагага кайрылып “Ахматбек Келдибековду коргоо комитетинин өкүлдөрү экен. Ар бир фракциядан бирден депутатты жиберип койсок”,- деди ал.
Төрага залда отурган депутаттарга кайрылып фракциялардан бирден депутат митингге чыккандарга жолугуп келиши керектигин айтты.