Ким Чен Ындын жубайы дээрлик жарым жылдан кийин эл алдына чыкты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жубайы Ли Соль Чжу дээрлик жарым жылдан кийин эл алдына биринчи жолу чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын жубайы Ли Соль Чжу менен биргеликте Ай календары боюнча Жаңы жылдык кече үчүн Пхеньяндагы Мансудэ көркөм театрына келген. Муну менен Ли Соль Чжунун 5 ай ичинде интернет желесине жарыяланган алгачкы сүрөтү болуп калды.

Буга чейин биринчи айым 2021-жылдын сентябрь айында өлкөнүн эгемендүүлүгүнө арналган иш-чарада акыркы жолу эл алдына чыккандыгы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан